Окуялар

Өлтүрүп, багажга салып кетишкен. Ноокатта жаш жигитти өлтүрүүгө шектүүлөр кармалышты. Фото

2021-жылдын 23-май күнү Ноокат районунун Алашан айылынын тургуну, 1983-ж.т. С. И., Ноокат РИИБне иниси 2000-ж.т. Б у А. 2021-жылдын 21-май күнү чамасында “Деу-Ласетти” үлгүсүндөгү автоунаасын үйүнөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

Аталган арыз Ноокат РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталган.

Б у А.ны табуу үчүн Ноокат РИИБдин ыкчам-тергөө тобу, Криминалдык милиция кызматынын, Көк-Жар айылдык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2021-жылдын 23-май күнү дайынсыз жоголгон Б у А.нын “Деу-Ласетти” автоунаасы  Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан «Ака-Үка» чайканасынын короосунда токтоп турган жеринен табылган.

Аталган автоунаага Ноокат РИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан кароо жүргүзүү учурунда автоунаанын арткы багажынан дайынсыз жоголгон Б у А.нын жансыз денеси табылган.  Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү белгилүү болгон.Б у А.нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Тергөө иштеринин негизинде  тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Тергөө учурунда Б у А.нын өлүмүнө себепкер болгон кылмышкерлерди аныктоо жана кылмыштын бетин ачууга багытталган бир катар тергөө тапшырмаларынын негизинде Ноокат РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлдөрү жана Көк-Жар АМБнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн изине түшүп, милиция кызматкерлери тарабынан Көк-Жар айылынын тургундары, 20 жаштагы Т.Ж. жана 17 жаштагы Т.А. кармалышып тергөө кызматына камсыздалган.

Эмне себептен өлтүргөндүн тактоо максатында тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.Тергөө иштерин Ноокат РИИБи тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button