Саясат

Тышкы башкарууга өткөн «Кумтөр» алтын кени өлкө үчүн иштеп баштайт

Өлкө башчысы Садыр Жапаров кечээ, 15-июнда, убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки «Кумтөр» алтын кенинин абалы менен таанышты. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, өлкө башчыга алтын кендин үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жаткандыгы, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын кызматкерлери тышкы башкаруунун киргизилишин түшүнүү менен кабыл алгандыгы, айлык өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүп, өлкөнүн бюджетине түшүүчү бардык төлөмдөр жана салыктар планга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Андан тышкары, тышкы башкаруу мезгилинде алтын кени алтын сатуу менен 40 млн.доллар дүң киреше түшкөнү дагы белгилүү болду. Ошондой эле коопсуздук талаптарын сактоо, тоо-кен тармагындагы студенттердин алтын кенинде практикадан өтүп, тажрыйба топтоочу, бул тармакта кадрлар резервин камсыздоо үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн эки жылдык тажрыйбадан өткөрүү программасын киргизүү тууралуу маселелер каралды.

Дагы бир белгилеп коё турган жагдай, алтын кени тышкы башкарууга өткөндөн бери дагы 60 жаңы жумушчу орун түзүлгөн.

Демек, иш алдыга жылып жатат. Кыргыз бийлиги алтын кенин иштете албайт деген суу кечпеген сөздөрдү эске алганда, тышкы башкарууга өткөндөн берки мындай жетишкендиктер «Кумтөрдү» Кыргызстан өзү иштете ала тургандыгын далилдеп турат.

Бир айдын тегерегинде эле казынага 40 млн.доллар каражаттын түшүшү коомчулукта жылуу пикирлерди жаратты. Натыйжада, Президенттин тапшырмасы менен Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлмөк болду жана канча жылдан бери оңдолбой келген Балыкчы-Барскоон жолу оңдолгону турат.

Андыктан, алтын  иштетип келген канадалык инвесторлордун тоскоолдуктарына карабастан  кендеги иштин үзгүлтүккө учурабай, казуу иштеринин талаптагыдай аткарылып жатышы келечекте өлкөдө аткарыла турган жакшы иштердин көп болорунан кабар берип турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button