Коом

Штаб: Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй жана Ош облустарына каттабай тургула

COVID-19 акыркы учурда көп катталып жаткан Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй жана Ош облустарына барууга чектөө коюуну Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб сунуштады. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Өлкө аймагына COVID-19 коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб татаал эпидемиологиялык абал байкалып жаткан Кыргызстандын аймактарына жарандардын баруусун минималдаштырууну сунуштайт», — деп айтылган билдирүүдө.

Штаб кеп учурда коронавирус инфекциясы көп катталып жаткан Бишкек жана Ош шаарлары, Чүй жана Ош облустары туурасында болуп жаткандыгын, башка облустарда жашагандарга эпидемиологиялык абал турукташканга чейин бул аймактарга барбай турууну айтты.

«Ошондой эле жарандарды медициналык бет каптарды тагынуу, колду дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоого чакырабыз. Мындан тышкары, ар кыл массалык иш-чараларга катышуудан жана адамдар көп чогулган коомдук тамактануу жайларына баруудан кармануу сунушталат», — деп айтылган таратылган маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button