18 миң долларын алдап алган кылмышка шектүү жаран кармалды. ФОТО

2021-жылдын май айынын аягында Ош облусунун Араван районунун тургуну ички иштер органдарына анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп берүү жана мыйзамды бузгандарды жоопко тартуу өтүнүчү менен кайрылган.

Белгилүү болгондой, белгисиз бир адам арыз ээсинин ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 18 миң АКШ долларын алган. Арыз ээси бир аз убакыттан кийин карызды төлөп берүүнү талап кылганда, ал ар кандай шылтоолорду айтып,   келбей кача баштаган, андан тышкары, коркутууга аракет кылып кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрүн ага акчадан баш тартууга мажбурлоо максатында жөнөтө баштаган.

2021-жылдын июнь айынын башында Ош облусунун Араван районунун дагы бир тургуну ички иштер органдарына кайрылып, 2017-жылы белгилүү бир жаран анын ишенимине кирип миллион сомдон ашык суммадагы акчаны алдап алгандыгын айткан. Андан кийин ар кандай себептерди айтып жолугуудан качып жүргөнүн айткан.

Эки арыз ээси тең бир адамга мыйзамдуу чара көрүүнү суранышкан.

Тергөө буйругунун алкагында ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жакында ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында  1986-жылы туулган жаран А.С. кармалган, ал мурда бир нече жолу соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Ошол эле күнү ал Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул жаран мурда 8 эпизод менен алдамчылык иш-аракеттери үчүн 166-берененин 3-бөлүмү ( эски кодекс) менен жоопко тартылган.

2019-жылы ал Ош шаардык соту тарабынан соттолуп, сот пробациялык көзөмөлдү дайындаган. Бирок, соттолгон адам сыноо мөөнөтүндө жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн акча төлөгөн эмес. 2020-жылдын февраль айында жаран А.С. атын өзгөртүп, жаңы документтерди алган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган адамга карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Тергөө амалдары  уланууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы