Коом
Коронавирус. 738 адамдан аныкталып, 8 бейтап каза тапты
Акыркы суткада Кыргызстанда 738 адамдан коронавирус аныкталып, дагы сегиз бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.
Аймактар боюнча:
Бишкек – 360
Чүй облусу -51
Ош шаары- 93
Ош облусу – 108
Талас облусу – 4
Нарын облусу – 5
Ысык-Көл облусу – 26
Жалал-Абад облусу – 60
Баткен облусу – 31
Ал эми ошол эле учурда коронавирустан сегиз бейтап каза тапты. Бишкек шаарынан-4, Чүй облусунан – 2, Ош жана Жалал-Абад облустарынан бирден киши көз жумду.
Жалпысынан Кыргызстанда 2020-жылдан бери коронавирус илдетинен 1953 адам каза тапты.