Коом

Транспорт министрлиги убактылуу ыңгайсыздык тууралуу автоунаа айдоочуларга кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги 2020-жылдын 1-декабрында италиялык «Тодини» компаниясы менен келишим токтотулгандыгын маалымдайт. 2 жыл ичинде бул компания Эпкин-Баш-Кууганды участогунун 9,5% куруп бүтүргөн. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Подрядчик жок болгон учурда, жолду убактылуу тейлөө үчүн 7-декабрь 2020-жылдан баштап убактылуу кышкы, жазгы, жайкы сезондо башка жаңы жол куруучулар келгенге чейин тейлеп туруу №24 Жол тейлөө мекемесине 70-чакырым жолду тейлөө милдеттендирилген. Жол чарба департаментинин буйругунун негизинде 70-чакырым жолдун 11-чакырымы №955 Жол тейлөө мекемесине тейлөөгө берилген. Азыркы убакта инженердик техникалардан №24 Жол тейлөө мекемесинин территориясында 1 автогрейдер, 1 мехпогрузчик 1 автосамосвал, 4 водовоз жана жумушчу күчүнөн 6 адам иштеп жатат. №955 Жол тейлөө мекемесинин территориясында 1 автогрейдер, 1 мехпогрузчик,  1 автосамосовал, 1 водовоз жана жумушчу күчүнөн 2 адам иштеп жатат.

Азыркы учурда жаңы Подрядчы компанияны тандоо процесси жүрүп жатат. 2021-жылдын 12-майында тендердик сунуштар ачылган. 2021-жылдын 7-июнунда талапкерлерге техникалык баа берүү аяктап, баалоо жөнүндө отчет АӨБгө жөнөтүлдү. Министрлик жаңы Подрядчы менен келишим 2021-жылдын июль айында түзүлөт деп күтүүдө. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги автоунаа айдоочулардан убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүп коюуга өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button