Окуялар
УКМК: Нарында 118 «майнинг-ферманы» жеке үйгө орноткон жаран аныкталды
Нарын шаарында Б.Т.Б. аттуу адам 118 «майнинг-ферманы» жеке үйгө орнотуп, мыйзамсыз пайда таап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал иш-аракеттерин жашыруу максатында бир катар чараларды көргөн. Учурда УКМК мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштерин улантууда. Тергөө амалдары жүрүп жатат.
Адистердин айтымында, майнинг-фермалар электр энергиясынын тартыштыгын жаратат.