Коом

Жалал-Абадда бизнести мыйзамсыз текшерүү фактысы аныкталды

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан «Н» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Н.Ы. аттуу ишкердин прокуратура органдарынын ишеним телефонуна кайрылуусу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен ишкердикти мыйзамсыз текшерүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-июлунда Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ишкердиктин субъекттеринин укуктарын колдоого багытталган мыйзамдарды жана КР президентинин жарлыктарынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен “Н” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгүн текшерүү жөнүндө актыны прокуратура органдарында каттатпастан, мыйзамсыз түрдө коомдун ишин токтоттурушкан. Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында аталган коом олуттуу материалдык чыгымга учураган.

Көзөмөл органынын кийлигишүүсү менен жогоруда аталган ишкана бүгүнкү күндө кайра өз ишин жандандырып, иштей баштады.

Аталган факты КР Жазык кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button