Коом

Алсыздык, баш оору.Эмдөөдөн кийинки терс таасир боюнча мониторинг

Республикалык штаб 2021-жылдын 22-июлуна карата эмдөөдөн кийинки терс таасир боюнча жүргүзүлгөн мониторинг менен бөлүштү.

Маалыматка ылайык, COVID-19га каршы эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөргө байкоо жүргүзүү иштери уланууда.

“Вакцина алган жарандар өзүн жакшы сезишүүдө. Бардык эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөр 1-2 сутка ичинде жок болуп, олуттуу маселе жаратышкан жок”, — деп айтылат маалыматта.

“Синофарм”, Кытай тарабынан чыгарылган Vero cell вакцинасынын эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөрү (297 миң жаран):

Эң көп кездешкен белгилер:
— алсыздык;
— баш оору;
— ийне сайылган жерде оору;
— чыйрыгуу;
— дене табы 39⁰.

Гам-Ковид-Вак (“Спутник V”) вакцинасынын эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөрү (90 миң 756 жаран):

Эң көп кездешкен белгилер:
— ийне сайылган жерде оору;
— алсыздык;
— дене табы 39.

Вакцинанын эки түрүнөн кийин жүрөк айлануу, кан басымдын көтөрүлүшү, коркуу, булчуңдардагы оору, мурдунан суу агуу, жөтөлүү, ангина жана башкалар байкалат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button