Саясат

Бакытбек Жумагулов: Партиялык боссторго канчалык жакшы болсо, өлкөгө ошончолук жаман болот

Президентти парламенттин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзам долбоору    22 — июлда биринчи окуда кабыл алынды. Добуш берээрдин алдында эл депутаттары талашып-тартышып да, нааразы да болушту. Эске сала кетсек, документ боюнча Жогорку Кеңешке шайлоо партиялык тизме жана бир мандаттуу  округдарда өтөт.

Жаңы Конституция боюнча Кыргызстандын парламентинде 90 депутат жыйын курушат. Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзам долбооруна ылайык депуттардын 35и бир мандаттуу округдар аркылуу, ал эми калган 55и — партиялык тизме менен шайланат.

Азыр болсо Жогорку Кеңештин депутаттарын бир тобу преференциалдуу добуш берүүнү киргизүүгө аракет жасап жатышат. Алардын идеясынын  маңызы — парламенттик шайлоолордо шайлоочулар  тек гана бир манадаттуу кандидаттарга жана партияларга добуш бербестен, андан сырткаары партиялык тизмедеги кандидаттарга да өзүнчө добуш берүүдө турат.

Ал эми Эски аянт Жогорку Кеңештин үчтөн бирин мажоритардуу жол менен түзүүнү туура деп эсептейт. Анткени, саясий уюмдар өздөрүн дискредитациялап алышты: партиялык лидерлер шайлоо марафонун бизнеске, ал эми парламентти — чөнтөк акционердик коомго айлантып алышты.

“Борбордук Азиянын тынчтыгы жана өнүгүүүсү институту” («Институт мира и развития Центральной Азии») коомдук фондунун башчысы БакытбекЖумагулов мындай пикирге толук кошулат. Саясат таануучу бул турасында өз оюн 24.kg маалымат агенттигине билдирген.

Преференциалдуу система туурасында “бул партиялык  боссторго жакшы, бирок бүтүндөй өлкөгө жаман” деди ал.

«Партиялар туш келген кризисти эске ала турган болсок, преференциалдуу  системаны киргизүү алардын (партиялардын) андан ары деградацияланышына алып келип,  саясий уюмдардын институтун биротоло талкалайт. Анткени, иш жүзүнө келгенде ал “саясий партиянын” атына жамынган бир мандаттуу система болуп калат”, дейт эксперт.

“Мындай системада аялдар, жаштар, башка улуттардын өкүлдөрү жана  ЛОВЗ үчүн квотага крест коюллат”, дейт Бакытбек Жумагулов.

Андан тышкаары да техникалык учурларды жана ыңгайсыздыктарды да белгилеп өттү, мисалы, узун бюллетень. Шалоочунун мындай “шейшептен” башы айланып калбайбы, ушундай көлөмдөгү бюллетен болсо добуш берүүнүн жашыруун сырын кантип сактайт, дейт ал.

Саясат таануучу, аралаш системаны: пропорционалдуу система сакталуу менен мажоритардуулуктун киргизилишин оптималдуу вариант катары эсептейт. «Мажоритардык системанын артыкчылыгы, шайлоочу менен парламенттин депутатынын ортосунда байланыш камсыз болот, пропорционалдуу системада болсо квоталар сакталат. Шайлануу босогосунун 3%ке чейин төмөндөшү менен бир мандаттуулар менен партиялардын ортосундагы конкуренция күч алып, натыйжада ал саясий уюмдардын (партиялардын) көптөн күткөн өнүгүүсүнө алып келет», — дейт Бакытбек Жумагулов.

Анын айтуусу боюнча преференциалдуу системада  өтө чоң тобокелчилик бар. Эмне дегенде ар бир кандидат шайлоонун алдында партия үчүн эмес, биринчи кезекте өзү үчүн чуркай баштайт. Натыйжада партиялык ички күрөш күчөп, таарынычтарга жана бөлүнүүгө алып келет. Демек, партиялардын жана партиялык  системанын өнүгүшүн күтпөй эле койсок болот.

«Экинчи. Депутаттыкка жогорку профессионалдуу юрист же педагог өтөөрүнө эч кандай кепилдик жок. Арийне, фамилиялары элге анча билинбеген адистер, шайлоочулар тынымсыз угуп-көрүп жүрүшкөн партиялык “капчыктар” жана олигархтар менен таймаша алышпайт. Буга кошумча, Кыргызстанда шайлоочулардын добушун сатып алуу актуалдуу бойдон кала берет.  Ушунун натыйжасында 55 депутаттык мандатка партиялардын 55 байлар өтүп кетсе эмне болот?» — деп суроо салат аналитик.

Анын айтуусуна караганда, жалпысынан преференциалдуу система менен добуш берүүнү түшүнүү шайлоочулар үчүн татаал болуп калат.

«Мындай системада шайлоо бюллетенинин сол тарабында партиялардын тизмеси, оң тарабында партиялардан сунушталган 1ден 90го чейинки кандитдаттардын номерлери гана көрсөтүлөт. Фамилиялары жана башка маалыматтар көрсөтүлбөйт. Кайсы номерде кандай кандидат бар экенин шайлоочунун баары эле эстеп жүрө алаарына сиз ишенесизби?» — дейт Бакытбек Жумагулов.

Аралаш системада шайлоочу ансыз деле бир мандаттуу кандидаттардын каалаганына добуш берүү унуга ээ болоорун эске салды эксперт.  

Анда эмне үчүн кээ бир партиялык лидерлерге преференциалдуу добуш берүү жагып жатат, анын аларга кандай  пайдасы бар деген суроого, эксперт минтип жооп берди: “Сыягы потенциалдуу кандидатты партиянын тизмесине  киргизүү үчүн партиянын лидери андан акча алат да, анын алдында эч кандай милдеттенме албайт” дейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button