ИИМдин “Бирдиктүү терезе” режиминде мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн борборлору ийгиликтүү иштеп жатат


Белгилүү болгондой, 2019-жылы Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланган. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде санариптик трансформацияны ишке ашыруунун алкагында “Бирдиктүү терезе” принцибинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборлору ачылган.
Бул формат мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштырууга, жарандарга жеткиликтүүлүктү жөнөкөйлөтүүгө, кызмат көрсөтүү убактысын, процедуралардын санын кыскартууга, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Эми жарандар ашыкча бюрократиясыз, ички иштер органдары көрсөткөн мамлекеттик кызматтардан пайдалана алышат.
Кызмат көрсөтүү борбору эки бөлүмдөн турат, биринчи бөлүмдө арыздарды жана башка документтерди кабыл алса, ал эми экинчисинде ИИМдин имаратында иштелип чыгып, даярдалат. Зарыл болуп ала турган документтердин үлгүлөрү дубалда илинген. Төлөмдөр Quickpay терминалы аркылуу ишке ашат. Ар бир кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы зарыл болгон документти алуунун убактысына жараша болот.
Азыркы учурда ар бир аймакта жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү борборлор жана пункттар ачылган. 2019-жылы 6 борбор жана 14 пункт ачылса, 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында 10 пункт, 2021-жылдын 5 айында “Бирдиктүү терезе” принцибинин негизинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн 6 пункт ачылды.
Отчеттук мезгилде 2021-жылдын 1-январынан 30-июнуна чейин – 2026 апостилденген тактама берилген; 136 миң 680 соттолуусу бар же жоктугу жөнүндө тактамалар берилген; курал-жарак сактоого уруксат алуу үчүн кабыл алынган жана берилген документтер жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген лицензияларды алуу үчүн документтер бардыгы болуп – 2059 (юридикалык жактар үчүн – 433, жеке жарандар – 1626); кооптуу жана жарылуучу жүктөрдү атайын автоунаалар менен коштоп жүрүүгө уруксат алуу үчүн документтерди кабыл алган жана берген – 252 (автоунааны коштоо – 55, уруксат документтер – 197).
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын облустарынын алыскы райондорунда жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн тактамаларды берүү боюнча борборлор Нарын облусунун Жумгал РИИБде, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБде, Түп РИИБде, Ош облусунун Араван РИИБде, Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБде, Талас облусунун Талас РИИБде ачылып, алар өз натыйжалуулугун көрсөтүүдө.
Тактамаларды берүү күн сайын саат 16:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүп, дем алыш күндөрү – ишемби, жекшемби күндөрү экенин эсиниздерге салабыз. Тактама берүүгө жооптуу кызматкерлер кезекте турган бардык жарандарга тактама бермейинче жумуш ордунан кетишпейт.


ИИМдин Басма сөз кызматы