ИИМ Атамбаев октябрдагы башаламандыкты уюштурган деп шектелип жатканын тастыктады

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдын 9-октябрындагы “Ала-Тоо” аянтындагы башаламандыкты уюштурган деп шектелип жатат деген маалыматты тастыктайт. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

24-июль күнү Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев анын аталган кылмышка шектелип жатканын кабарлаган эле.

Маалымат кызматынан билдиргендей, 2020-жылдын 9-октябрында борбордук “Ала-Тоо” аянтында ар кайсы саясий партиялардын тарапташтары чогулган. Алардын лидерлери талаптарды коюп, башка партиянын тарапташтарын укук талаасына кайтууга чакырышкан.

“Тараптар ортосунда пикир келишпестик жаралып, курал колдонууга чейин жеткен массалык башаламандык башталган. Ошол эле күнү КРдин Жазык кодексинин 264-беренесине (“Массалык башаламандык уюштуруу”) ылайык кылмыш иши козголгон”, — деп айтылат билдирүүдө.

Алмазбек Атамбаев учурда абактагылар дарылануу мүмкүнчүлүгү бар № 47 түзөтүү колониясында кармалып турат. Мурда УКМКнын СИЗОсунда жаткан Атамбаевди ал жакка 2020-жылдын аягында ден соолугу начарлап кеткендиктен которушкан.

Эскерте кетсек, Атамбаев Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча айыпталып 11 жыл эки айга кесилген. Жогорку сот бул чечимди жокко чыгарып, ишти Биринчи май райондук сотуна жиберген. Январдын башында Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун баш коргоо чарасы боюнча чечимин карап, аны өзгөрткөн эмес (камакта калтыруу).

Атамбаев башка кылмыш иштери боюнча дагы айыпталып жатат, сот иштин баарын бир өндүрүшкө бириктирүү чечимин чыгарган.