Кара-Буура РИИБдин начальниги Майрамбек Калманбетов айыл өкмөттөрдүн башчылары менен жолугуп, коопсуздук маселелерин талкуулады

Кара-Буура РИИБдин начальниги Майрамбек Калманбетов айыл өкмөттөрдүн башчылары менен жолугуп, коопсуздук маселелерин талкуулады
Кара-Буура РИИБдин начальниги милициянын полковниги Майрамбек Калманбетов жана АМБнүн начальниги А.Анаркулов милициянын көчмө кабылдамасы менен район аймагын кыдырып, айыл жергесиндеги көйгөй жараткан маселелерин кароо үчүн ар бир айыл өкмөттөрдүн башчылары жолугуп, коопсуздукка байланышкан маселелерди биргеликте чечүү керектигин баса белгиледи.
Ар бир айыл өкмөттүн башчысы райондук милициянын башчысы Майрамбек Калманбетовго каалоо-тилектерин, сунуштарын айтышып, ошондой эле РИИБнүн кызматкерлери менен тыгыз байланышта экенин айтып өтүштү. Майрамбек Калманбетов ар бир айыл өкмөт башчыларына кайрылып, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн иш бөлмөлөрүндөгү шарттарга токтолуп, техникалык колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле кызматкерлер өздөрү тейлеген айыл жергесинде болушу керектигин эске алып, жер маселеси боюнча жардам берүүнү суранды.
Мындан тышкары, Майрамбек Калманбетов РИИБнүн кызматкерлери өздөрү тейлеген аймакта айыл тургундарынын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө алгылыктуу иштерди алып барып жаткандыгын айтып, мындан ары дагы бул багыттар боюнча иштерди күчөтө тургандыгын билдирди. Айыл жергесиндеги чыр-чатактарды ар бир айылдагы аксакалдар соту менен биргеликте чечүүнү сунуштап, алдын алуу иштерине жеке өзү көзөмөл жүргүзөөрүн кошумчалап кетти.
Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Абылгазиевдин айтуусунда, Кара-Буура РИИБнүн кызматкерлерине атайын жер айдоо боюнча гектар жер бөлүнүп берилгенин жана милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө 2021-жылдын 15-август айына чейин өзүнүн жеке иш бөлмөлөрүн камсыз кылаарын айтып өттү.
Ар бир айыл өкмөтүнүн башчылары милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен ар тараптуу тыгыз иштешип, элдин коопсуздугу менен бейпилдигин камсыздоо үчүн жардам көрсөтүп жатышкандыгын, райондук милициянын жетекчисинин бардык сунуштарын колдой турушкандыгын айтып өтүштү.
Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы



