Саясат

Кумтөр иши. Сот Асылбек Жээнбековду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту 11-августта Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго карата баш коргоо чарасын өзгөртпөй, биринчи инстациядагы соттун чечимин күчүндө калтырды.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, Өмүрбек Бабанов, учурдагы депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” иши боюнча кармалган. Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев дагы камакка алынган.

УКМК “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш ишин иликтөөдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button