Аялдарды эрте өлүмгө кептеген белгилер аталды

Орто жаштагы аялдардын боюнун кыскарышы эрте өлүм тобокелдигин жогорулатышы ыктымал. Бул тууралуу Швеция жана Дания окумуштууларынын айтымына таянып, “Известия” басылмасы жазды.

Эксперттердин айтымында, 50 жаштан ашкандан кийин адамдардын бою кыскара баштайт. Бул омурткалардын басырылып ныкталганына жана кыр сөөктүн кыйшайганына байланыштуу болот.


Окумуштуулардын изилдөөсүнө 1908-жыл менен 1952-жылдар аралыгында төрөлгөн 2 406 аял катышкан. Илимпоздор алардын 30 жаштан 60 жашка чейинки курагында боюн ченеп, бул ыкманы 10-13 жылдан кийин да кайталап көрүшкөн. Орточо эсеп менен бул аралыкта катышуучулардын бою 0,8 сантиметрге кыскарган. Бирок айрымдарында бул көрсөткүч 14 сантиметрге чейин жеткен.
Экинчи ирет ченегенде окумуштуулар изилдөөгө катышып жаткандардын өлүмүнүн себебин байкашкан. 19 жыл ичинде 625 аял көз жумган. Алардын ичинен 157си жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапканы айтылды. Мындан улам окумуштуулар бойдун кыскарышы жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам өлүм тобокелдигин эки эсе жогорулата турганын белгилешкен.