Ошто балдар от менен ойноп, анын кесептинен сарайдагы чөп күйдү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.
“24-августта саат 11:13 чамасында Өзгөн районунун Жылалды айылында сарайдын 20 чарчы метр чатыры жана 300 килограмм эндей чөп күйдү. Өрт балдардын от менен ойногонунан улам келип чыккан”, – дешти маалымат кызматынан.