Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кабыл алуу качан башталаары айтылды

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына кабыл алуу 13-июлда башталат. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкармалыгынын башчысы Айнура Исиралиева билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдардагыдай эле абитуриенттерди кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт. Искусство, дене тарбия жана спорт багыттары буга кирбейт.
Минималдык босого баллдар жогорулатылбайт.
Абитуриенттерди кабыл алуу «Абитуриент Online» онлайн платформасы аркылуу жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу үчүн чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору ишке киргизилди.
Айнура Исиралиева 2026-жылдан тарта 11-класстан кийин колледждерге кабыл алуу да ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөрүн эскертти.
9-классты бүтүргөн окуучулар колледждерге негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк менен тапшыра алышат. Орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуу 6-июлдан башталары пландалууда.



