УКМК: Ж.Баласагын атындагы КУУда студенттерге кысым көрсөтүп, пара талап кылууга байланышкан коррупциялык схема аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ж. Баласагын атындагы КУУнун курс жетекчиси Э.у.М. тарабынан системалуу түрдө пара алуу учурларын аныктады.
Аталган билим берүү мекемесинин өкүлү катары иш алып барган Э.у.М мамлекеттик экзаменге кирүүгө жасалма тоскоолдуктарды түзүү жана андан кийин Ж. Баласагын атындагы КУУнун окутуучуларына жана кызмат адамдарына каражат которуу аркылуу бүтүрүүчү студенттерге мыйзамсыз материалдык байлык топтоо максатында кысым көрсөткөнү аныкталды.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында Э.у.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда университеттин окутуучуларынын жана администрациясынын арасынан мыйзамсыз иш-аракеттерге катышкан башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.



