Төрага өзүнүн фондунун каражаттары кайда коротулганын айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев маалымат жыйынында өзүнүн фондунун каражаттары кандай максаттарга жумшалганын айтып берди.
Анын айтымында, фонддун жылдык бюджети 30 миллион сомду түзөт.
«Бүгүнкү күнгө карата фонддун каражаттарынын жарымынан көбү сарпталды. Көптөгөн кайрылуулардын ичинен 259у талаптарга жооп берген. Натыйжада 51 адамга материалдык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле 74 билим берүү мекемесине жардам берилип, спорттук иш-чараларды колдоого каражат бөлүндү», — деди Марлен Маматалиев.
Бүгүнкү маалымат жыйынында төрагадан оор кырдаалга туш болгон эки журналистке — журналист Нурис Алымбаевдин кызына жана оор илдет менен күрөшүп жаткан журналист Калия Дүйшөбаевага материалдык жардам көрсөтүү өтүнүчү айтылды.
Марлен Маматалиев аларга жардам берүүгө убада берди.



