Талас районунун жашоочулары милицияга ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшырууда

Учурда Талас облусунун  аймагында “Арсенал” аттуу рейди өткөрүлүп жатат. Рейддин максаты облуста ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Райондук жана шаардык ички иштер  бөлүмдөрүндө атайын иш-мерчемдер түзүлүп,  бөлүнгөн кызматкерлер эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, апрель окуяларында жана башка учурда жоголгон, уурдалган ок атуучу куралдарды тапшыруу боюнча алдын алуу  иштери  аткарылууда.

Рейддин учурунда жарандар өздөрүндө көптөн бери сакталып жүргөн ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшырууда. Ушундай тартипте милицияга өз ыктыяры менен тапшырган жарандарга сайлуу жана сайсыз ок атуучу куралдарды мыйзамга ылайык кылып каттоого  жеңилдиктер  болоорун билдирет.