Түгөйлөрдүн бири эмнеден улам орой болуп калат? Адистин түшүндүрмөсү

Психолог Александр Колмановский жубайлардын оройлугу эмнеден келип чыгарын жана аны кантип жеңсе болорун айтып берди. Адистин пикирин РИА Новости жарыялады.

“Кандай адамдар жакындарына ороңдоп бир тийип, көңүлүн көп оорутат? Адатта булар кичинесинде ата-энеси жетишерлик көңүл буруп, бооруна тартпаган балдар. Көкүрөгүндө кичине кезинде албай калган мээримдин орду бош болуп, кийин анын ордун түгөйүнүн мээрими менен толтургусу келет. Бирок ошол нерсеге жылуу-жумшак жол менен жетүүнүн ордуна оройлугун көрсөтөт, башка жолун билбейт”, — деди адис.
Колмановский түшүндүргөндөй, мындай адамды кабыл алып, жар катары тандаган киши “жылытууга” аракет кылышы керек. Мисалы, кыйкырыкка кыйкырык менен жооп бербей, тескерисинче, жумшак мамиле кылган туура.

“Мисалы, сиз аябай шашып бара жатканда, бирөө токтотуп алып сиз үчүн маанисиз бир нерсе сурады дейли. Албетте, жиниңиз келип, кагып коюшуңуз мүмкүн. Ошол учурда ал кечирим сурап, кичипейил мамиле кылса, сиз уялып каласыз. Кийин ал адамды көргөндө ыңгайсыз болуп, жакшы сүйлөгөнгө аракет кыласыз”, — деди психолог.
Адис кошумчалагандай, түгөйүн мындай абалдан алып чыгып кетем деген киши ал уруша баштаганда сөздөрүнө эмес, ошол учурдагы абалына көңүл бурушу керек. Ошондо гана кырдаал даана көрүнүп, жакын адамга жардам берүү оңоюраак болот.