Ноокат районунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал жана ок-дарылары алынды

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 18-сентябрь күнү Ош облусунун Ноокат районун аймагында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды аныктоо жана ок атуучу куралдарды колдонуу аркылуу жасалган кылмыштарды алдын алуу максатында ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, Ноокат районунун  жашоочусу 39 жаштагы  М.Б., аттуу жарандын үйүн тинтүүгө алган учурда мыйзамсыз сакталган 1 даана найы кесилип жасалган  абалдагы ИЖ-18, калибры 16мм. ок атуучу курал, 9 даана  Калашников автоматынын жана 8 даана Макаров тапанчасынын ок дарылары алынган.

Ошол эле иш-чаранын жүрүшүндө Ноокат районунун тургуну “Т” аттуу жарандын үйүнөн  револьвер үлгүсүндөгү ок атуучу куралы алынган.

Ош ОИИБи эскертет!

Жарандар тарабынан сактоосунда жана пайдалануусунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды Ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырса кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы