Нарын ОИИБи: Нарын милициясы Мамлекеттик тил күнүн белгилешип, Алыкул Осмоновдун ырларын көркөм окушту

Кечээ, 23-сентябрь күнү Нарын ОИИБнин окуу залында Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги А.Жумабеков жана өздүк курамдын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү белгиленди.
Иш-чарага Нарын шаарындагы М.Сыдыков атындагы орто мектебинин окуучулары катышып, эне тил жөнүндө көркөм окуулар болуп, милиция кызматкерлери да белгилүү акын Алыкул Осмоновдун ырларын көркөм окуп беришти.
Өз сөзүндө А.Жумабеков Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат. Ошондуктан ар бир жаран мамлекеттик тилди билүүгө, мамлекеттик тилде окууга, жазууга, оюн эркин айтууга жана эл алдында сүйлөй билүүгө милдеттүү. Келечек муунга да мамлекеттик тилди жана эне тилди үйрөтүү ата-энелердин парзы экендигин баса белгилеп, 23-сентябрь-Мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап өттү.
Бул майрам жыл сайын белгиленип келет. Аталган иш-чара жер-жерлерде, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүндө да өткөрүлдү.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы