Коом

ИИМ жана “Медикал Парк” клиникалар тармактары ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту

2021-жылдын 4-октябрында Ички иштер министрлигинин имаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Нурбек Абдиев “Медикал Парк” клиникалар тармактарынын Башкы директору Себахаттин Танас менен жолугушуусу болуп өтүп, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ИИМи “Медикал Парк” клиникалар тармактары ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Алмаз Осмонбеков, ИИМдин Медициналык башкармалыгынын начальнигинин орун басары ички кызматтын майору Индира Абдыгулова жана Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин орун басары  милициянын полковниги Эльмира Исакова катышышты.

Жолугушуу учурунда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев чыгуу сөзүндө, “Бүгүнкү күндө силер менен да медициналык кызмат көрсөтүү жаатында тажрыйба алмашууну иш жүзүнө ашырып, достук мамилелерди алып бар экендигин билдиребиз. Дарыгерлер медициналык кызматты эл-аралык деңгээлде, сапаттуу көрсөтүү үчүн ар дайым өз квалификациясын жогорулатып турушу абзел. Өзүнүз билгендей акыркы эки жылда COVID- 19 пандемиясы мамлекеттердин дарыгерлеринин биригүүсү, тажрыйба алмашып, дүйнө масштабында иш алып баруусу жана илимин жогорулатуусу талап экендиги белгилүү болгондугу тастыкталды. Ошондуктан биз сиздерге коомду дарылап, адамдардын өмүрүн сактап калышына салым кошуп кележатканыңарга жана дүйнө жүзү боюнча алып бараткан маанилүү вазипаныз үчүн ыраазычылык билдирип, достук жана кесиптик мамилерди мындан ары өнүктүрүүгө чакырды” – деп белгиледи.

Өз кезегинде, “Медикал Парк” клиникалар тармактарынын Башкы директору Себахаттин Танас, “Бул Меморандумдун негизги максаты — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Түркиядагы клиникалардын эң ири тармагынын ортосундагы өнөктөштүк кызматташуу процесстеринин тартибин аныктоо. Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине, алардын үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрүнө жана пенсионерлерге квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле дарыгерлерге илимий, академиялык жана кесиптик кызматташтыгына багытталган өнөктөштүктү түзүүгө бардык күч-аракетин жумшоого милдеттене тургандыгына” – көңүл бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында, министрдин орун басары Нурбек Абдиев, Меморандумдун түзүлүшүнө өзгөчө маани берип, Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгынын кызматкерлерин окутуу жана тажрыйба алмашуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ача тургандыгын көрсөттү.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button