Нарын дарыясына аккан адамдын сөөгү табылды

Нарын дарыясынын жээгинен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Тоголок Молдо айылындагы Нарын дарыясында белгисиз адамдын сөөгү агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат “102” кызматынан түшкөнү кабарланган.

Белгиленгендей, №47 ӨККБнүн өрт-куткаруучулары саат 20:40да жерине жетип, караңгы кирип кеткендигинде байланыштуу сөөктү издөө бүгүн, 14-октябрь күнү улантылган.

Издөө иштерине Ак-Талаа райондук ӨКБдан 4 куткаруучу жана 1 офицер тартылып, сөөктү Нарын дарыясынын жээгинин Жылан-Арык айыл аймагынын тушунан таап, Ак-Талаа РИИБнө өткөрүп беришти.