Окуялар

Доллардын белгилерин жасаганга шектелген жаран кармалды. ФОТО

Акча каражаттарынын белгилерин жасаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Акчаны же баалуу кагазды жасалма жол менен жасоо» беренеси боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрштүн алкагында А.К. аттуу жаран кармалган.

«13-октябрь күнү шектүүнүн кеңсесиңде тинтүү жүргүзүлүп, тинтүү учурунда шектүү өз ыктыяры менен номиналдык 100 доллар болгон 4600 доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражаттарын берген. Буга карата соттук-техникалык экспертиза дайындалган.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, азыркы учурда бардык жагдайларды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча керектүү чаралар көрүлүүдө», — деп билдирди басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button