Таласта өспүрүмдү өлтүрө сүзүп, качып кеткен шектүү кармалды

Таласта 14 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.

15-октябрда түнкү саат 03:50 чамасында “Тойота Виндом” автоунаасынын айдоочусу Манас районунун Чоң-Капка айылында жол жээгинен 14 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен. Өспүрүм ошол жерден жан берген.

16-октябрда кылмышка шектүү катары Манас районунун Май айылынын 30 жаштагы К.А. аттуу жараны кармалган. 18-октябрь күнү Манас райондук соту тарабынан эки айга камалды. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Айдоочу Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча (“Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу”) шек саналып жатат. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

15-октябрда Талас районунда жол кырсыгынан сегиз киши набыт болду. Кырсык Талас-Тараз-Суусамыр жолунун 61-чакырымында, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Кара-Ой айылына жакын жерде, түнкү саат 22:30 чамасында болгон. Ушул эле күнү 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү Манас районунда жол жээгинен табылган.

Таласта акыркы 19 күндө жол кырсыганан 10 адам каза болгон. Ички иштер министрлиги Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көп катталган. Жол кырсыгында набыт болгондор жыл башынан бери 500дөн ашты.