Окуялар
Бишкекте батирден адамдын сөөгү табылды

Бишкекте батирлердин биринен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 24 октябрь күнү Биринчи май районун Юг-2 кичи районунда жайгашкан турак үйдүн батирлеринин биринде куткаруучулар бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1953-жылы туулган Ч.И. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучу тартылды.



