Статистика: Акыркы суткада 81 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 30-октябрга карата коронавирус дагы 81 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 27, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 29, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 75 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 719 бейтап, амбулатордук түрдө 711 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 186 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 568 киши айыгып чыкса, 2 668 адам каза болду.