Тилек Оторов ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Милициянын подполковниги Оторов Тилек Арсыбекович Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Маалыматты бүгүн, 24-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов тастыктады. Анын айтымында, министр Улан Ниязбеков дайындоо боюнча буйрукка кечээ, 23-ноябрда кол койгон.

«Бүгүн эртең менен ал Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жеке курамына тааныштырылды», – деди Сейитов.

Эскерте кетсек, буга чейин КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кыззматынын тескөөчүсү кызматын аткарып келген.