Кыргызстанда бир суткада 74 адамдан COVID-19 жаңы катталып, үч бейтап каза болду

Кыргызстанда 26-ноябрга карата коронавирус дагы 74 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 27, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 8 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 108 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 440 бейтап, амбулатордук түрдө 557 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 140 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 869 киши айыгып чыкса, 2 миң 737 адам каза болду.