Алайда бензин тараткан партиянын иши сотко жөнөтүлдү

04.11.2021-жылы Алай РИИБдин начальнигинин атына 2021-жылдын 4-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында, Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндө жайгашкан “Россия нефть” май куйуучу станциясында (АЗС) “Азаттык” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине талапкер күйүүчү май (бензин) таратып жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Ошол эле күнү аталган билдирүү Алай райондук ИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тийиштүү текшерүү иштери жүргүзүлүп, 05.11.2021-жылы Алай райондук ИИБнүн КЖБРне Кыргыз Республикасынын ЖКнын 192-бер. 1-б. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ал эми, А.Жнын “Азаттык” саясий партиясындагы расмий статусун аныктоо максатында суроо талап жиберилип, Кыргыз Республикасынын БШКнын Алай, Чоң-Алай АШКдагы атайын өкүлүнүн 06.11.2011-жылдагы  маалыматына ылайык    Кыргыз Республикасынын БШКнын 04.11.2021-жылдагы  чечими менен “Азаттык демократиялык партиясы” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарынын тизмесинде А.Ж 9 катар саны менен катталгандыгы тастыкталган.

07.11.2021-жылы Ж.Ага карата Кыргыз Республикасынын ЖКнын 192-бер. 2-бөл. көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы аныкталып, ага шектүү  жөнүндө кабарлама берилип, тергөө амалдарына келип туруу жөнүндө милдеттенме алынган.

2021-жылдын 21-ноябрында шектүү А.Ж турган жерин аныктап таап келүү үчүн ага карата издөө жарыялоо боюнча Алай РИИБдин КМКна иштин ичинен тийиштүү материалдар берилип, 21.11.2021-жылдан  издөө иши ачылган.

 Издөө иш-чарасынын жүрүшүндө, 24.11.2021-жылы шектүү А.Ж жүргөн жери аныкталып, ал сотко чейинки өндүрүш ишинин материалдары менен тааныштырылып, иш боюнча жетиштүү далилдердин жыйналгандыгынын негизинде  айыптоо актысы түзүлүп,  КРнын ЖКнин 192-беренесинин 2-бөлүмү менен катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин айыптоо актысы бектилип, Алай райондук сотунун кароосуна жиберилди.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы