Шайлоо. Чүйдө коомдук коопсуздукту 800дөн ашуун милиция кызматкери камсыздоодо

Чүй облусунун аймагындагы шайлоо участкаларында укук тартибин жана коомдук коопсуздукту 800дөн ашуун милиция кызматкери камсыздоодо. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ар бир шайлоо участогуна милиция кызматкерлери жана жооптуу кызматкерлер бекитилген. Өздүк курам шайлоо учурунда жарандардын укуктарын жана коопсуздугун камсыздайт, шайлоо участкаларындагы абалга көз салып, шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылбай, мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн иш алып барат.

Чүй ОИИББи жарандарды добуш берүү жайларында мыйзамдуулукту жана тартипти сактоого чакырып, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти эскертет!