Коом

Коронавирус. Кыргызстанда жуктургандар азайып, айыккандар көбөйдү. Акыркы статистика

Өткөн суткада 34 бейтаптан коронавирус табылып, 49 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Билдирмеге караганда, вирус өлкөнүн эки облусу менен эки шаарында эле катталган. Алар:

  • Бишкек – 26;
  • Ош шаары – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Баткен облусу – 2.

Муну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 649га жетти. Анын ичинен 178 651и айыккан.

Тилекке каршы, оору эки адамдын өмүрүн алып, өлүм учурларынын саны ушуну менен 2 760ка жетти. Азыркы тапта стационарда 373, ал эми амбулатордук шартта 382 адам дарыланып жатат. Бир сутка ичинде эмдөөдөн 853 адам өткөн. Анын ичинен 513ү биринчи дозасын, 340 киши экинчисин сайдырган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button