Коом

Быйыл COVID-19 менен күрөшүүдө медиктерге 243 млн сом кенемте төлөндү

Быйыл медиктерге COVID-19 менен күрөшүүдө кенемте катары 243 млн сом төлөндү. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы кызматын аткаруу учурунда илдетти жуктуруп алган жана каза болгон медицина кызматкерлерине кенемте төлөө маселеси боюнча иштер жүргүзүлдү.

Ал министрлер кабинети 1 миң 300 адамга кенемте төлөөгө 243 млн сом бөлгөнүн кошумчалады.

“Бугүнкү күндө кенемте 2020-жылы жана 2021-жылдын 11-январына чейин тапшырылган тизме боюнча төлөндү. Тилекке каршы акча каражаты биздин медиктердин бардык керектөөсүн канааттандыруу үчүн жетишсиз болду. Биз министрлер кабинетине кошумча арыз бергенбигенден кийин дагы 63 млн сом бөлүнгөн. Бул акча 315 адамга жетет. Биз калган медиктерге төлөп берүүнү баштадык”, — деди Рахматуллаев.

Ал ошондой эле жыл аягына чейин бардык сумма төлөнөрүн кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button