Окуялар

Россияда 20 жаштагы кыргызстандык жигит бычакталып каза болду

Ульяновск шаарындагы кафелердин биринде 20 жаштагы кыргызстандык киши колдуу болду. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Ульяновск облусу боюнча Тергөө комитетинин сайты жазды.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, маркумдун 21 жаштагы таанышы шектелүүдө. Кыргызстандык бычакталып каза болгон.

ИИМдин аймактык башкармалыгынын сайтына окуянын чоо жайы жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери 20-декабрда Радищев көчөсүндө жайгашкан кафеге түшкү тамактанууга келишкен. Ал жерде полиция кыйкырыктарды угуп, жерине барганда ашканада эки эркек бар экени аныкталган. Бири бычакталып жерде жаткан. Экинчисин тартип коргоочулар кармап кетишкен.

Жүрөк тушуна бычак сайылган кыргызстандык ошол жерде көз жумган. Чырдашкандар экөө тең кафеде иштегени, ошол күнү алар өз ара урушканы маалым болду.

Шектүү камакка алынып, тергөө улантылып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button