Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат берди

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы барасына билдирүү калтырып, анда 2021-жылдагы бюджеттин аткарылышы тууралуу кеңири маалымат берген.

“Былтыр консолидацияланган, жөнөкөйлөтүп айтканда, өлкөбүздүн жалпы бюджети 281,3 миллиард сом деңгээлинде бекитилген.

Республикалык бюджеттин тартыштыгынын баштапкы өлчөмү 8,5 миллиард сом деңгээлинде болжолдонгон.

2021-жылдын башында салык жана бажы төлөмдөрүн чогултуу бекитилген пландан артта калып жатканы байкалган. Май айынан тартып Салык кызматын санариптештирүү, фискалдаштыруу, анын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоо жана байкоо жүргүзүү иштери күчөтүлүп, өз жемишин берди.

2021-жылдын жарымынан – август айынан тарта салык жыйымдарынын динамикалык өсүшү байкалды. Мындан улам 2021-жылдын бюджетине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча Салык кызматы салык кирешелери боюнча планды 7,9 млрд сомго ашыра аткарып, бюджетке 104,2 млрд сом түшүргөнүн белгилейбиз.

Өз кезегинде Бажы кызматы акыркы эки айда пландан артта калуусун 3,2 миллиард сомдон 1,6 млрд сомго чейин кыскартууга жетишип, бюджетке 46,8 миллиард сом түшүрдү.

Жалпысынан, жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин салык кирешелери толугу менен аткарылып, 151,0 млрд сомду түздү.

Мындан тышкары, мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери толугу менен аткарылып, 44,7 млрд сомду түздү. Салыктык эмес кирешелердин өсүшү бекитилген пландагы 31,3 миллиард сомго салыштырмалуу 13 миллиард сомдон ашык болду.

Муну менен, алдын ала маалыматтар боюнча, консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн иш жүзүндө аткарылышы 311,0 млрд сомду түзүп, бекитилген планга салыштырмалуу 30 млрд сомго өскөн.

Жарандардын социалдык абалын, эпидемиологиялык абалды жакшыртуу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бул өсүш бюджеттик каражаттын эсебинен кошумча зарыл иш-чараларды 19,5 миллиард сомго ишке ашырууга мүмкүндүк берди, анын ичинде:

– медицина кызматкерлеринин эмгек акысын 50% жогорулатууга 1,8 млрд сом бөлүндү;

– маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 0,2 млрд сом бөлүндү;

– кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөөгө 1,9 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү (COVID-19);

– 1,5 млрд сомго COVID-19га каршы вакциналар сатылып алынды;

– азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, тактап айтканда, буудайды, данды сатып алууга жана азык-түлүк товарларынын камылгасын толуктоого 1,9 млрд сом бөлүнгөн;

– кыштан көйгөйсүз өтүү максатында энергетика тармагына жаратылыш газын, электр энергиясын, мазутту сатып алууга жана электр энергиясын импорттоого кошумча 3,4 млрд сом каралган;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык жөлөкпулдарды, камкорчусунан ажыраган балдарга социалдык жөлөкпулдарды жана пенсияларды 50 пайызга көбөйтүүгө болжол менен 0,6 миллиард сом жумшалды.

Ошол эле учурда, 2022-жылдын 1-январынан тартып жөлөкпулдар 100%га көбөйдү. Мисалы, ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү жөлөкпул 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 4000 сомдон 6000 сомго чейин көтөрүлгөн. 2022-жылдын 1-январынан тарта бул жөлөкпулдардын өлчөмү 8 миң сомду түзөт.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн башка бардык жөлөкпулдар боюнча көрүнүш ушундай эле. 2021-жылы алар жогорулоо жагына карай өзгөрдү.

Маалымат үчүн:

ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, майып балдарга жана кичинесинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1-топтогу майып адамдарга жөлөкпулдар:

-​2021-жылдын 1-октябрынан тарта 4000 сомдон 6000 сомго чейин жогорулатылган;

-​2022-жылдын 1-январынан тартып эки эсеге – 4000 сомдон 8000 сомго чейин көтөрүлдү.

Кичинесинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2-топтогу майып адамдарга жөлөкпулдар:

-​2021-жылдын 1-октябрынан тарта 3300 сомдон 4950 сомго чейин жогорулатылган;

-​2022-жылдын 1-январынан тартып эки эсеге көтөрүлүп, 6600 сомду түздү.

Ал эми кичинесинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 3-топтогу майып адамдарга жөлөкпулдар:

-​2021-жылдын 1-октябрынан тарта 2700 сомдон 4050 сомго чейин жогорулатылган;

-​2022-жылдын 1-январынан тартып эки эсеге 5400 сомго чейин көтөрүлдү.

Ата-энесинин бирөөсүнөн ажыраган балдарга ай сайын жөлөкпул:

-​2021-жылдын 1-октябрынан тарта 1000 сомдон 1500 сомго жогорулатылган.

-​2022-жылдын 1-январынан тарта бул сумма 2000 сомду түздү.

Ошону менен катар тоголок жетим балдардын жана ата-энеси дайынсыз балдардын жөлөкпулдарын 50 жана 200 пайызга (3 эсе) көтөрүү каралган:

-​мындай балдарга 2021-жылдын 1-октябрынан тарта жөлөкпул 2000 сомдон 3000 сомго көтөрүлгөн;

-​2022-жылдын 1-январынан тартып 3 эсе көтөрүлүп, 6000 сомду түздү.

Мындан сырткары, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө максатында 2021-жылы 7 млрд сомдон ашуун кошумча каражат бөлүнгөн. Ал каражаттар аскер кызматчыларын социалдык жана материалдык жактан колдоого, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүүгө, ошондой эле аскер техникаларын сатып алууга багытталган. Бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бюджет аркылуу алгачкы жолу сатылып алынып олтурат.

Жыйынтыгында, ресурстук бөлүк жана берилген бардык милдеттенмелер аткарылып, бул жылга бюджет 5,6 млрд сом деңгээлиндеги запас менен аткарылды”.