Окуялар

Панфилов районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

2022-жылдын 11-январь күнү болжол менен саат 01:46 чамаларында Панфилов РИИБүнө Кайынды шаарындагы квартиралардын биринен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Панфилов РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон жарандын өзүгү аныкталып, ал 1988-жылы туулган А.К. экендиги такталган. Кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Панфилов РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1987-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, учурда окуянын келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button