Өтө кооптуу! Медиктер антибиотикти өз алдынча колдонбош керектигин эскертти

Республикалык штаб калкты дарыгердин көрсөтмөсү жок, антибиотиктерди өз алдынча колдонбоого чакырып, анын кесепетин тизмектеп берди.

Билдирмеге караганда, антибиотиктер медиктин рецепти менен гана сатылары эскертилген.

Антибиотиктердин кесепети:

Аллергиялык реакция жүрүп, өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн. Айрым учурда өлүмгө чейин алып барат. Анафилактикалык шок, Квинкенин шишиги бир таблетка ичкенден кийин да пайда болушу мүмкүн;

Ичеги микрофлорасы бузулат;

Бактериялардын туруктуу штаммдары көбөйүп, тарайт.

“Эч качан өз алдынча дарыланбай, медиктердин уруксаты жок антибиотиктерди колдонбоңуз. Вирустук инфекцияларды дарылоо үчүн антибиотиктерди ичкен туура эмес, анткени ал вируска таасир этпейт. Эгер дарыгер антибиотик жазып бере турган болсо, айыгып баратканда аны токтотуп салбастан дарылоо курсун толук бүтүрүү керек”, — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле дарыгер жазып берген антибиотиктин дозасын өз алдынча алмаштырууга, жазылган антибиотикти башка адамдарга берүүгө болбой турганы да белгиленди.