Окуялар
Ошто 12-кабаттан кулаган студент кыз каза болду
Ош шаарынын Масалиев кең көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 12-кабатынан кулаган 2001-жылы туулган кыз каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кыз Кадамжай районунун тургуну, учурда Ош шаарындагы орто окуу жайларынын биринде 2-курста окуп жаткан.
Окуянын себептери иликтенүүдө, тиешелүү күбөлөр суралууда.