Казакстан менен Кыргызстандын аба каттамдары жандандырылды
Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга аба каттамдар жандандырылды. «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашкандай, бүгүндөн тартып Алматы-Бишкек-Алматы багыттары боюнча авиакаттамдар жандандырылды.
Ал эми Бишкек-Нур-Султан-Бишкек багыты боюнча каттам 12-январда жандандырылган.
«Урматтуу жүргүнчүлөр, Казакстанга кирүү эрежелери өзгөртүлдү. 2022-жылдын 15-январынан тартып Казакстанга кирүүдө, чет өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдүн бардыгында COVID-19га каршы жасалган ПЧР-тестинин терс жыйынтыгынын (акыркы 72 саат ичинде) маалымкаты болушу керек.
Эреже 5 жашка чейинки балдарга колдонулбайт. Маалымкат англис, орус же казак тилдеринде болушу зарыл.
Эгерде сизде ПЧР-тестинин маалымкаты жок болсо, анда аэропорттон учакка отурууга уруксат берилбейт», — деп кошумчалашты мекемеден.