Коом

Коронавирус. 607 адамдан аныкталып, бир бейтап каза тапты

Кыргызстанда 15-январга карата коронавирус 607 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 404, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 97, Ош облусунда – 10, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 24 жана Баткен облусунда 20 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 122 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 746 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 888 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 188 миң 813 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 862 киши айыгып чыкса, 2 миң 828 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button