Коом

ИДП 723 млрд. сомду түздү. Кайсы тармак өсүп, кайсынысы артка кетип жатат

Кыргызстандын ички дүң продукциясы өткөн жылы 723 миллиард сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 3,6 пайызга жогорулады. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

Ал эми Кумтөр кенинин өндүрүшүн эсепке албаганда ички дүң продукциянын көлөмү 668 миллиард сом болуп 3,9 пайызга өскөн.

Былтыр өнөр жай продукциясынын көлөмү 357 миллиард сомду түзүп, өсүү темпи тогуз пайызга жогорулаган. Ошол эле учурда дүң жана чекене сатыкта 10,5 пайыз өсүү болгон. Ал эми курулуш тармагы 4,8, айыл чарбасы 5 пайызга төмөндөгөн.

Ошондой эле Статком керектөө баалары 11,2 пайызга кымбаттаганын белгиледи. Тагыраак айтканда, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 13,3, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 14,4, азык-түлүк эмес товарлар 9,7, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 7,1 пайызга өскөнү байкалган.

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 6,3 миллиард долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 21,4 пайызга көбөйгөн. Ошол эле учурда экспорттун көлөмү 20,1 пайызга азайып, импорт, тескерисинче, 43,9 пайызга жогорулаганы маалым болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button