Дүйнө

Казакстандагы башаламандыкта канча адам Алматыда каза болгону айтылды

Алматыдагы башаламандыктан 149 адам курман болду. Алардын 11и күч структурасынын кызматкерлери. Калгандары жарандар. Бул тууралуу шаар коменданты Канат Таймерденов билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.

Анын айтымында, 5-январь күнү эртең менен шаарда абал туруктуу болчу. Бирок бир маалда эле калаанын чар тарабынан 20 миң адам борбордук бөлүктү көздөй агылып келген. Ал ошондой эле моргго кол салуу болгонун да айткан.

“Кол салгандар каза болгондордун сөөгүн калтырган эмес. Жарадарларды ала кетишкен. Бул күнү моргго жети ирет кол салуу болуп, 41 адамдын сөөгү уурдалган”, — деди Таймерденов.

Ал белгилегендей, кол салгандар атайын даярдыктан өткөн адамдар болгон.

“Башаламандыктын катышуучулары курал саткан жети дүкөндү талкалап, 1 347 даана куралды алып кетишкен”, — деди комендант.

Кечээ күнү Казакстандын бийлиги башаламандыкта өлкө боюнча жалпы жонунан 225 киши каза болгонун жарыялаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button