Бишкекте кудуктун ичинен селсаяктын сөөгү табылды

Бишкектин Нарвской көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудуктун ичинен селсаяктын (аты-жөнү такталууда) сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучулар белгилүү жашаган жери жок эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.