Коронавирус жуктургандардын саны Бишкекте көп. Дагы 3 бейтап каза болду – статистика

Кыргызстанда акыркы суткада 781 адамдан коронавирус аныкталып, алардын ичинен 36 медик жуктурганы белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Вирус жуктурган аймактардагы адамдардын саны боюнча:

Бишкек шаары – 658
Ош – 11
Чүй облусу – 48
Талас – 14
Нарын – 3,
Ысык-Көл – 6
Жалал-Абад – 14
Баткен – 27

Ал эми акыркы суткада  Бишкекте коронавирус илдетин жуктуруп, ооруган  3 бейтап каза тапты.

Жалпы жонунан 2020-жылдан бери  2833 адам каза болду.