Саясат

Депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.

Мадумаров 17-январда бир күн кечке ортодо тыныгуу менен сурак берген. Ал 14-январда дагы суракта болгон.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары сурак берип жатат.

Жапаров «Вечерний Бишкек» басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протокол тууралуу да айткан. Анда Мадумаровдун  мындай кадамга барышын чыккынчылыкка  баалаган.

Былтыр октябрда Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол «кедергисин тийгизип жатканын» да билдирген.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button