Коом

Акыркы суткада коронавирустан төрт бейтап каза тапты. Статистика

Кыргызстанда 26-январга карата коронавирус 370 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 243, Чүй облусунда – 71, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда – 15, Ысык-Көл облусунда – 11, Нарын облусунда – 5, Ош облусунда – 4, Ош шаарында – 2, Талас облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 510 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 118 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 583 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 196 миң 602 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 184 миң 538 киши айыгып чыкса, 2 миң 858 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button