Коом

Коронавирустан акыркы суткада беш бейтап каза болду. Статистика

Кыргызстанда 28-январга карата коронавирус 356 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 216, Чүй облуунда – 88, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 14, Баткен облусунда – 12, Талас облусунда – 5, Ош облусунда – 4, Ош шаарында – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 604 адам илдеттен сакайып чыкты, беш бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 197 миң 437 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 185 миң 771 киши айыгып чыкса, 2 миң 867 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button