Кыргызстанда бир жумада коронавирустан 11 адам көз жумду

Кыргызстанда 22-28-февраль аралыгында коронавирустан 11 адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19 лабораториялык негизде беш, клиникалык-эпидемиологиялык түрдө алты адамдан аныкталган. Адам өлүмүнө алып келген учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкекте катталган. Ошондой эле Чүй, Баткен жана Ысык-Көл облустарында коронавирустан каза болгондор бар.

Анын ичинде:

Бишкек – 7;

Чүй облусу – 2;

Баткен облусу – 1;

Ысык-Көл облусу – 1.

Өткөн аптада, 15-21-февраль аралыгында COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген 16 учур катталган. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 200 миң 500 адам илдет жугузган. Жалпы 2 миң 957 адам каза болду.